Датасы: 17.10.2020
Формат: mp3

Саратан күчөп турганда,
Жамгырды чөлдөр күтүшөт.
Жаз келип сайран курганда,
Ак кууну көлдөр күтүшөт.
Кайырма:
Э-эй жылмайып көңүл эргиткен,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.
Суу болуп алып аксам деп,
Мөңгүлөр күндү күтүшөт.
Ааламга жарык чачсам деп,
Жылдыздар түндү күтүшөт.
Кайырма:
Азапка батты жүрөгүм,
Жолугар жомок күндү эңсеп.
Зарыгып сени күтөмүн,
Сүйгөнүм сендей жанды эңсеп.
Кайырма:
Э-эй наздана карап сүйлөгөн,
Жаныңдан өзүм садага.
Күтүүсүз келген бакыттай,
Бир келип кетчи Ош жакка.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *