Жанашып жандай албай
Артыңдан жүрөм калбай
Жолугам жолуңдан деп анан
Жүрөсүң неге алдай
Сүйлөсөң тилиң балдай
Көздөрүң карагаттай
Кадалып каректериңе мен
Карай беремин талбай
Кайырма:
Баары бир өзүңдү издеп бир күн
Табам эй
Жаныңа жарыгым чачып күндөй
Жанам эй жанам эй
Жалыңдап өчпөгөн жылдыз болуп
Жанам эй жанам эй
Чакырсаң үнүм укпай
Чарчадым жолуң таппай
Кылыктанып жаным жүрөсүң
Кабарыңды сен айтпай
Сырыңды айтчы катпай
Жүзүңдү көрсөт качпай
Калбайын жаным арман да мен
Сүйүүнүн балын татпай
Кайырма:
Баары бир өзүңдү издеп бир күн
Табам эй
Жаныңа жарыгым чачып күндөй
Жанам эй жанам эй
Жалыңдап өчпөгөн жылдыз болуп
Жанам эй жанам эй
Жыргалбек Примкулов — Жанам эй тексти
Датасы: 21.04.2025 Көрүүлөр: 3481