Сөзү, обону Элдики

Кат жазам алтын өзүңө,
Кулак сал менин (ээ) сөзүмө.
Кат менен сизге (ә) жиберем (ай)
Жүрөгүмдөн (э-э-э) өзүңө.
Э-э-э-эй, о-о-ой, ой өзүңө.

Берилдим сага (ай) берилдим (ай),
Капасын аччы (эй) көңүлдүн.
Жыргалын көрүп (әй) өтөлү
Алдыда турган (эй) өмүрдүн.
Э-э-3-эй, о-о-ой, ой өмүрдүн.

Арналып сизге жазылган,
Сүйүүнүн сүйүү саламы.
Жеткенде кетип алыска,
Көбейттүң, алтын, санааны
Э-э-э-эй, о-о-ой, ой санааны.

Мүнөзүң артык (э) керилген,
Аныктап сага берилгем.
Ачылсын менин (э) кабагым,
Айтчы бир таттуу кебинден.
Э-э-э-эй, о-о-ой, ой кебинден.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *