Үшкүртпөчү алтын комуз төгүлүп
Үч кылына өмүр калган өрүлүп
Бапестесе атам сени баладай
Баарыбыз бир үй бүлөөдөй көрүнүп
Өксүбөчү алтын комуз кайгырып
Өткөн күндөр кайра келбес кайрылып
Экөөбүз тең жетимсиреп келебиз
Эркелеткен атабыздан айрылып
Өксүбөчү жолукпай калган жол узун
Жолдон да арман ой узун
Арманды басаар муңдашым
Атамдан мурас комузум
Солкулдап жүрөк жашыса
Соороном угуп добушуң
Атам мага айтпай калган керээзин
Алтын комуз күүгө салып келесиң
Көп сырларың күндөн-күнгө ачылып
Көзгө тартат атакемдин элесин
Жолукпай калган жол узун
Жолдон да арман ой узун
Арманды басаар муңдашым
Атамдан мурас комузум.
Гүлнур Сатылганова — Алтын комуз тексти
Датасы: 10.09.2020 Көрүүлөр: 547