Датасы: 10.09.2020
Формат: mp3

Жаш кезегиңде ойноп-күлүп ал,
Бул күндөрдүн да бүтөр күнү бар.
Жалындуу өмүр таза сүрүп ал,
Жашоонун гүлүн назик терип ал.
Өтөт бул дүйнө, чөгүп өксүбө,
Бири кем дүйнө, бул дүр-дүйнө.
Кайырма:
Өмүр өтөт мейли,
Өкүнбөгүн деги.
Жаңылба жолуңдан,
Жалган жашоо деми.
Жашоо сыноосун көтөр кайгырбай.
Өмүрдүн шагын өткөр сындырбай.
Жашоо булагын көз сал кир кылбай.
Өтчү нерсенин азабын тартпай
Өтөт бул дүйнө, чөгүп өксүбө,
Бири кем дүйнө, бул дүр-дүйнө.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *