Айтбачы жаман сөзүң айтбачы сен
Ансыз да көрүп турам көздөрүңдөн
Аярлап алдың тозуп кала албасаң
Албуттап дайра болуп агып кетем
Караба жал ооруган көзүң менен
Өзүмдү сооротойун өзүң менен
От болуп күйө албай турган чакта
Жалбырттап жалын болуп жанып кетем
Жаз болуп жайнап турчу
Жадырап ойноп турчу
Көңүлдөн капалыкты
Кусалыкты көргөзбөй айдап турчу
Актилек ак сүйүүмө шек салбагын
Азгырып арам ойдон кеп салбагын
Башкалар көз артышып жете албаган
Бир келген бактыбызды бек кармайын