Бүлүк салып сезимиме
Жүрөк отун ойготтуң
Үмүтүмдү ээлеп алып
Махабатты ойгонттуң
Асылкечим чече албадым
Ичтеги өйүгөн сырды
Арман кылып ырдайм ушул ырымды
Унчукпайсың
Мен да унчукпай кыйналам
Аттиң ай кыйналам
Дараметим жетпейт экен
Сени сүйбөй коюуга
Ак сүйүүнүн нурун төкчү
Сага барар жолума
Сени менен бирге болуп
Ой чабытын коштоймун
Асылкечим махабатсыз жашай албайт окшоймун
Гүлзат Байзакова — Асылкечим тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 3242