Датасы: 30.09.2020
Формат: mp3

Тайкы ойлоп, сараң болушпай,
Таңкы салкын жайкы конуштай.
Жүрөк сырын бирге чечишип,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.
Кайырма:
Жакын жүрсөк, оолак болушпай,
Жаман айтып, аңдып тоорушпай.
Мезгилибиз, мезгилибиз өтөр кош айтып,
Жүрөлүчү көңүл оорутпай.
Түнт мүнөздүү, түркөй болушпай,
Ойноп-күлсөк, ойго коюшпай.
Гүлдөй назик адам көңүлү,
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай.
Кайырма:

Асема — Жүрөлүчү жүрөк оорутпай тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *