Датасы: 27.09.2020
Формат: mp3

Күндөй нуруң күлүмдөгөн
Гүлдөй сулуу келбетиңден.
Сенин оттуу жамалың да,
Суктандырып күлкүң менен.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.
Кайырма:
Гүлдөй, гүлдөй
Жаным гүлдөйсүң,
Жүрөгүмө жакын жүргөнсүң.
Сенсиз мага өмүр жоктугун,
Жаным өзүң билгенсиң.
Акылын шай көркүң менен,
Эч кандай кем келтирбеген.
Экөөбүз бир жүргөн кезде,
Сыр калчу эмес чертилбеген.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.
Кайырма:
Көркөм сулуу келбетиңде,
Сендей жан жок жер бетинде.
Бизге карап тамшанчу эле,
Кош ак куу да, көл бетинде.
Сулуу жүздүү алтыным,
Жаным менин, асылым.
Жүрөгүмө кондурдум,
Жаркылдаган жаркыным.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *