Көлдүн жээги, бирге бастык салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз гүлүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө карап, кол булгап,
Кете бердиң пароходдо калкылдап.
Эми алысмын, куса болуп, сагынып,
Бирок дайым бирге жүрөт тамашаң.
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги,
Сени сүйүп, жалгыз сени жаратам.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңдү карасам.
Ар бир кыял, мүнөздөрүң көңүлдө,
Унутпастан ойлойм өзүң жөнүндө.
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убагы,
Сен узаткан Ысык-Көлдүн жээгинде.
Кундуз Таштаналиева — Көлдүн жээги тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 4809