Kyrgyz-audio.com

Kyrgyz-audio.com

Кыргызча mp3 каталогу: Ала-Тоо таңшыйт, жомоктор жана башка кызыктуу аудиолор жана текстер жыйнагы.

  • Жаны / Новинки
  • Жыйнактар / Сборники
  • Эн мыкты / Лучшая
  • Ырчылар / Исполнители
  • Ырлар
    • Ырлар 2021
    • Ырлар 2020
    • Мугалим жонундо ырлар
    • Ата жөнүндө ырлар
    • Хит ырлар
    • Той ырлары
    • Эне, апа жонундо ырлар
    • Сүйүү ырлары
    • Мекен ырлары
    • Туулган күнгө ырлар
    • Комуз ырлары
    • Аккордеон ырлары
    • Эски ырлар
    • Гитара ырлары
    • Кайгылуу ырлар
    • Шандуу ырлар
    • Орусча ырлар
    • Жениш куну, 9 май жонундо ырлар
    • Казакча ырлар 2021-2024
    • Жаз жонундо ырлар
    • Мусулман ырлары
    • Озбекче ырлар
    • Балдарга ырлар
  • Жомоктор
    • Кыргыз эл жомоктору
    • Аудиожомоктор
    • Cыйкырдуу жомоктор
    • Кыска жомоктор
    • Турмуштук жомоктор
    • Күлкүлүү жомоктор
    • Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор
    • Жомоктор суроттору менен
    • Коркунучтуу жомоктор
    • Орус эл жомоктору
  • Кыргызча минусовка
  • Аудио китептер
  • Караоке кыргызча
  • Байланыш үчүн
  • Facebook
Биздин сайтты смартфоңузга көчүрүүп алыңыз

Жаңы кошулду

  • Салидинова Жазгүл — Бир элес тексти 03.06.2025
  • Эльзар Тиленбаев — Атасынын кызы тексти 03.06.2025
  • Темирова Мейликан — Ий жаным тексти 03.06.2025
  • Ырыскелди Калыбек уулу — Кусалык тексти 03.06.2025
  • NURI — Сүйдүм ай тексти 03.06.2025

Элге жаккан топ 10 ырлар

  • Кеңеш тобу - Эмне себеп тексти(101)
  • Бек Борбиев - Окуучулук кайыгым тексти(23)
  • Нурлан Насип - Кыргызстан тексти(19)
  • Самара Каримова — Жеңиш күнү тексти(14)
  • Кайрат Примбердиев - Көк бөрү(13)

Кокусунан тандалган

  • Сыймык Бейшекеев — Ак көйнөк тексти
  • Нуржан Тумонбаева — Жан Апам тексти
  • Азиза — Кыз-жигит тексти
  • Айчүрөк Иманалиева — Сен
  • Замир Арыкбаев — Бийчи кызга тексти

Жаңы комментарийлер

  • Аноним к записи Рыспай Абдыкадыров — Сагындым туулган жер сени тексти
  • Айнур к записи Эски ырлар
  • Аноним к записи Нурлан Насип — Сүйүү балы тексти
  • Атым.таалай к записи Мирлан Баеков — Ай кызым тексти
  • Нуриза к записи Бактыгүл Бадыева — Энекем тексти

Жумадагы топ ырлар

  • Кеңеш тобу - Эмне себеп тексти(98)
  • Бек Борбиев - Окуучулук кайыгым тексти(7)
  • Рустам Сагыналиев — Кайда элең? тексти(5)
  • БИЗ тобу — Лейлек тексти(4)
  • Азиза — Армандашым тексти(3)
  • Кумар Асанов — Кыргызстан тексти(3)
  • Мирбек Атабеков Из калтыр тексти(3)
  • МУЗАМАН тобу — Ата Журт(3)
  • Мурадил Данияров - Атаке тексти(3)
  • Нурлан Насип - Көпөлөгүм тексти(3)

Кыргызча ырлар » Тата Улан

Тата Улан — Эркиндик тексти

Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 1154
  1. play

    Эркиндик тексти

Sorry, your browser does not support HTML5 audio.

Эркиндиктин чеги бар,
Эбин билсең ченеп ал.
Эркиндик деп калп айтып,
Бузукулук ою бар.
Жердин жүзүн бир түздөп,
Ээлеп алчу жери бар.
Эркиң бербес болсоң сен,
Согуш аччу жери бар.
Маңкурт болуп кыйралсаң,
Эркиндик деп макташат.
Улут болуп жоголсоң,
Аны баары каалашат.
Чет өлкөдөн угабыз:
“Эркин болбой калыпсыз”.
Күлмүңдөшүп күлүшөт,
Бизди жапайы көрүшөт.
Вери, вери, вери, гуд,
Жинди болбой бизди ук.
Мына сага акча деп,
Биздин ишти жакта деп,
Бизде баары жакшы деп,
Көздү карап алдашат.
Укмуш жашоо келет деп,
Калп айтышып макташат.
Вери, вери, вери, гуд,
Кулак салып, мени ук.
Биз жапайы эмеспиз,
Эркиндигиң керексиз.
Андай болсо төмөндө,
Эркин сүйлөп айтайын.
Ийне-жибин чечмелеп,
Мен кыргызча баштайын.
Эркиндик деп кыйкыртып,
Элдин оюн алдыңар.
Эркиндик деп бакыртып,
Кара жолго салдыңар.
Чачырады араба,
Ээн-эркин талаада.
Хандарыбыз кан кечип,
Тоноп качты сандалып.
Партиялар жайнады,
Жаргылчактан айдады.
Талкалады талкандай,
Бири-бирине чалкандай.
Парламент деп шайлашып,
Аралары жеп-жутар.
Жыйынтыгын ким көрдү,
Кимде жашоо өзгөрдү?
Мына ошол талаада,
Жыйырма жылдай жатабыз.
Эркиндиктин айынан,
Жоголгонго барабыз.
Үй-бүлөңдүн ичине,
Сойлоп кирди эркиндик.
Жаңжал салып, кас кылып,
Жайлап кирди эркиндик.
Аял менен эркекти,
Тирештирди эркиндик.
Күчтүү менен алсызды,
Тытыштырды эркиндик.
Гендер, гендер теңдиги,
Долуларың “Мен!” деди.
Эмансипе дедирди,
Үйдүн кутун кетирди.
Тоокканада тооктор,
Короз болом дегендей.
Короз болсо тукум тууп,
Жөжө бассын дегендей.
Балаң жүрөт соттошуп,
Укугуна жармашып.
Инисинин үйүнөн,
Теңин бөлүп алам деп.
Кызың жарым жылаңач,
Көзүң кантип уялбайт?!
Эркиндиктин айынан,
Өз атасы тыя албайт.
Эркиндикти үйүңө,
Кучак жайып киргиздиң.
Карылардын үйүндө,
Жашап калсаң түңүлбө.
“Көгүштөрдү” көбөйтүп,
Укуктарын коргошуп.
Эки эркек сүйдү деп,
Үйлөндүрүп коюшуп.
Эркин жүргөн айбандар,
Мындай кылбайт эч качан.
Акылы жок макулук,
Бийик болду адамдан.
Эркиндиктин артынан,
Ыймансыздык жашынган.
Шайтан кейпин кийишип,
Эки жүздү жамынган.
Мына сага эркиндик,
Жаман ишти ак деген.
Мына сага эркиндик,
Арамдарды кайф деген.
Үйрөтчүлөр силерби,
Эркиндикти кыргызга?
Кылымдарды карыткан,
Ташка жазган кыргызга.
Кыргыз болсо чечмелейт,
Эрк адамдын ичинде.
Пейилинде, дилинде,
Мээнет кылган дининде.
Себеби бул эркиндик,
Адам менен жаралат.
Энең менен тогуз ай,
Кан-жаныңа таралат.
Демек, бардык пендени,
Эркин кылып жараткан.
Себеп бардык пендени,
Тегиз сүйөт Жараткан.
Эркин коюп адамды,
Тегиз баарын сынайбы?
Оң бутуң бар, солуң бар,
Эки жакка жолуң бар.
Оролгондо кепинге,
Бул дүйнөдөн кеткенде,
Кайгырганың көп болот,
Жалынганың кеч болот.
Укпадым деп айтпагын,
Айтпадым деп айтпагын.
Саждага сал боюңду,
Тандап алгын жолуңду.
Ак — ишиңде адал иш,
Кара болсо — арам иш.
Айырмасын билгенде,
Мына ошол эркиндик.
Бир Алладан кепилдик,
Эркиндигиң диниңде.
Башка жактан издебе,
Жүрөгүңдүн ичинде.
Сага жаккан эркиндик,
Мага жаккан эркиндик.
Адамзатка эркиндик,
Бүт ааламга эркиндик.
Эркиндик, эркиндик, эркиндик…

Сизге балким булар жагат?

  • default-music
    Тата Улан — Шак-шак тексти
  • default-music
    Тата Улан — Шамал тексти
  • default-music
    Тата Улан — Кыргызстан тексти
  • default-music
    Тата Улан — Не керек? тексти

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз Отменить ответ

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *

Ырлар жыйнактары

Жаны ырлар
Жыйнактар
Эн мыкты
Ырлар 2021
Ырлар 2020
Хит
Той
Эски
Шаңдуу
Кайгылуу
Энелерге
Аталарга
Кыздарга
Кичинекей балдарга
Мугалимдерге
Сүйүү
Мекен
Айылым
Туулган күнгө
Күз
Кыш
Аккордеон
Комуз
Гитара
Орусча
Өзбекче
Казакча
Мусулман
Facebook жазылыңыз   Жаны/Новинки  Жыйнактар/Сборники  Эн мыкты/Лучшая  Ырчылар/Исполнители  Жомоктор  Аудиокитептер  Жарнама боюнча   Автордук укук ээлерине 
© 2003-2025. Kyrgyz-Audio.com порталы.   Бизге жазыңыз: info@kyrgyz-audio.com.