Датасы: 04.10.2020
Формат: mp3

Оо, турмуш мыйзамыңа каныктырдың
Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың
Дардаңдап боз жар күттүм деген менен
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Аттиң ай көңүлдү эзет жан арманым
Ар дайым мээрим издеп карайладым
Күнүнө күмүш таптым, бирок аттиң,
Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Алтынай Нарбаева — Жарты кайык тексти: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *