Жүрөгүмдө калды тыз деме,
Наздуу болот, айтчы, кыз неге?
Мезгил өттү, жолдор узады,
Жоодур көзүм, болду издебе.
Кайырма:
Өмүр — деңиз, жаным, биз — кеме,
Кошулбады биздин из неге?
Жазда, кышта, коңур күздө да,
Издебе, издебе…
Издесең да мейли, кай чара?
Ал күндөрдү албайм кайтара.
Нурун төккөн айдай көрчү элем,
Канатымды кеттиң майтара.
Кайырма:
Жылдыз болуп атың жанса да,
Атак-даңкың айга барса да,
Издебегин, барбайм кайрылып,
Тамса да көздөн жаш.
Кайырма:
Рустам Сагыналиев — Издебе тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 1095