Мен эми элимди сагынган,
Туулган жер тузуна багынгам.
Келемин узак жол алдымда,
Махабат күтөмүн айылдан.
Ардагым сен, Жамиля,
Жалжалым сен, Жамиля.
Ашыгым сен, асылым сен,
Эркетайым.
Жүрөктө көп сыр бар кайнаган,
Үмүтсүз жашаган кайрадан,
Күн сайын жүз ирет көрсөм да,
Канбаймын жүзүңө жайнаган.
Кайдасың сен, Жамиля?
Арманым сен, Жамиля,
Ардагым сен, асылым сен,
Жан жыргалым…
Сен десем жүрөгүм эзилер,
Бир сага жан барбы тең келер.
Сени ойлоп сагынган, саргайган,
Акыры бакытка кез келет.
Кайдасың сен, Жамиля?
Арманым сен, Жамиля,
Ардагым сен, асылым сен,
Жан жыргалым, Жамиля…
АЙКӨЛ тобу — Жамиля тексти
Датасы: 09.10.2020 Көрүүлөр: 508