Датасы: 10.10.2020
Формат: mp3

Узап сенден кол булгалап чыкканыма көп болду,
Күндөр өттү из кубалап, күн айланып, ай толду.
Өзүңө өмүр бою ыраазымын,
Эркеңмин бир болууга жаралганмын,
Алтыным, ай, энекем, санааркаба,
Эстеймин, дайым сени сагынамын.
Бой тартсам да эркелейин, кадырыңа жетейин,
Дайым сага жакын болуп, узап сенден кетпейин.
Өзүңө өмүр бою ыраазымын,
Эркеңмин бир болууга жаралганмын,
Алтыным, ай, энекем, санааркаба,
Эстеймин, дайым сени сагынамын.
Энем менин — бакубатым, үйдүн куту, ырысым,
Узак өмүр жашап өтчү, эң кымбатым, ыйыгым.
Өзүңө өмүр бою ыраазымын,
Эркеңмин бир болууга жаралганмын,
Алтыным, ай, энекем, санааркаба,
Эстеймин, дайым сени сагынамын.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *