Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Каңтарып жерди айдадың,
Карыңа күндү каратып,
Кажыбас баатыр о, жигит,
Кайратыңа мен ашык.
Ашыкмын мен, аны билсең,
Ой, чиркин (00-00-ой, ии-ий) мен ашык.

Жашылдантып жер бетин,
Жаз жели менен жанашып,
Элимдин балбан уулусуң,
Эмгегине мен ашык.
Ашыкмын мен, аны билсең,
Ой, чиркин (oo-oo-ой, ии-ий) мен ашык.

Мелмилдеп жаткан көл ашык,
Мейкин талаа жер ашык.
Мекендин баатыр уулу деп,
Мен тургай сага эл ашык.
Ашыкмын мен, аны билсең,
Ой, чиркин (00-00-ой, ии-ий) мен ашык.

Асманда алтын күн ашык,
Арада жашыл гүл ашык.
Ар күнү кирет түшүмө,
Артыкча сага мен ашык.
Ашыкмын мен, аны билсең,
Ой, чиркин (oo-00-ой, ии-ий) мен ашык.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *