Кирип барсам класска сен олтурган,
Чээнде менин орунум боло турган.
Окшоп кетти ошол күн сенсиз гана,
Өткөн өмүр бекерге коротулган.
Оо, алтыным, өзүңдү сүйүптүрмүн,
Сүймөк турсун кызганып жүрүптүрмүн.
Суз өңдөнүп мамилең мага гана,
Башкаларга жаркылдап күйүктүрдүң.
Оо, алтыным, эсен-соо жүрөсүңбү?
Өткөндөрдү көңүлгө түйөсүңбү?
Жалбырактын алдына катсам жамгыр,
Эстейм жууп салганын сүрөтүңдү.
Сүйөм десем капыстан жолдон эле,
Ыйлап ийдиң озондоп ошондо неге?
Бул окуя, бул иштер көп жыл мурун,
5-«б» класста болгон эле.
Абдыманап Төрөбеков — 5 -б класста тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 6924
нени