Каректен кетпей байланып,
Кан менен жылып айланып.
Жаштыгым менен жан биргем,
Жай түнү белең ай жарым?
Эстесем жүрөк жалбарып,
Элесиң кетпей байланып.
Күлгөнүң баары мен үчүн,
Күн белең чыккан таң жарып?
Жабырга чөксөң ой карып,
Жаш өтсө дене, бой карып.
Жаштыгым өтүп кетерин,
Жан биргем, жүрчү ойго алып.
Дилбар Райымбекова — Жан биргем тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 368