Кошулушуп эки жаш,
Жуп болуптур жар-жар.
Кубанышып эл-журту,
Кут конуптур жар-жар.
Толкуп келген мейманга,
Той баштайбыз жар-жар.
Болушунча аянбай,
Бой таштайбыз жар-жар.
Алтын ордо гүл бакча,
Калалуу бол жар-жар.
Артыңардан ээрчиген,
Балалуу бол жар-жар.
Ак элечек колго алып,
Ыргап жүргүн жар-жар.
Жакшы менен жаманды,
Ылгап жүргүн жар-жар.
Асманга учсун куш болуп,
Ак тилегиң жар-жар.
Ажырашпай бир жүрсүн,
Ак билегиң жар-жар.
Баскан жериң дайыма,
Гүлдүү болсун жар-жар.
Бүгүн курган жашооңор,
Бүрдүү болсун жар-жар.
Ырыс алды – ынтымак,
Билип жүргүн жар-жар.
Ата-энеге башыңды,
Ийип жүргүн жар-жар.
Кыял Батырканова — Жар-жар тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 1628