Себеленип ойлордун жумшак жамгыры,
Салкын тартып карааның менден узады.
Кетпе алыска, кетпе менин жаштыгым,
Тумчуктурба агызып шарын ызанын.
Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй,
Сен кайда кеткенсиң,
асылкечим?
Жүрөктө толукшуп сүйүү жазы,
Сен качан келесиң,
асылкечим?
Тереңдерден балбылдап сезим бермети,
Ыйык ойлор шыбырын сенден жашырат.
Күнгө умтулган биздеги жашыл өмүргө,
Аппак жаандай тилектер жаап басылат.
Биз бөлүндүк жамгырлуу жаздын түнүндө,
Кош айтыштык апакай кайың түбүндө.
Андан бери жылдар өттү тизилип,
Келатасың ыр болуп менин үнүмө.
Гүлнара Кахарова — Сүйүү жазы тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 2626