Датасы: 11.12.2019
Формат: mp3

Бул дүйнө бул өмүрүм, сени менен го,

Ырысым ырыскым да, сени менен го.

Күлкүсү балдарымдын сени менен го,

Бактылуу көз ирмемдер сени менен го.

Кайырма:

Ак сүйүүм менен алганым жубайым сен,

Ак тилек менен убайым тартарым сен,

Ак үйүмдүн күнү кудай кошкон айым сен

Оорубагын ылайым, күлүп жүрчү дайым

Сүйгөнүм жубайым сен.

Жашаймын күлүп турган көздөрүң менен

Жашаймын сүйөм деген сөздөрүң менен

Жадабайм миң ырахмат

Айтсам да аз го

Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген

Күндөрү жаштыгымдын сени менен го,

Жашоонун жакшылыгы сени менен го.

Бактысы балдарымдын сени менен го,

Бул дүйнө бул өмүрүм сени менен го.

Бек Борбиев жубайыма минусовка

Жубайыма тексти, Бек Борбиев: 3 комментарий

  1. Баардык ырларын суйуп угамын ото маанилуу чыгармачылык ийгилик каалаймын Бек байкеге

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *