Сокосу жок же сокого кошчу унаасы жок бир кембагал жазда жалгыз күрөгү менен жер казып атса, анысы кандайдыр катуу нерсеге тийип сынып калбаспы.
— Мына кырсык! Бул жерде эч кандай таш жок эле, күрөгүм эмне болуп сынды! – деп наалып-напчыган ал эптеп күрөк сыныгы менен алиги катуу нерсени казса, ал эски бир чоюн казан болуп чыкпаспы.
Ачуусу менен аны сындыра жаздаган ал сабыр кармап ойлонсо, бул казанга тамак жасабаса да суу куюп койсо болчудай. Ошентип ал бул табылгасын үйүнө алып келип, ичиндеги датын кырыш үчүн бычагын салып кайра алса, анын ордуна дагы бир бычак пайда болбоспу. Эмне болуп кеткенине түшүнбөгөй, бул бычакты алса ордуна башкасы пайда боло калат.
Кембагал ошондо гана бул жөн казан эместигин түшүнүп, ага жез тыйынды салып кайра алса анын түбүнө дагы бир ошондой эле тыйын пайда болот. Ошентип сыйкырдуу казанга туш келгенине сүйүнгөн кембагал күнү бою бул казандан жез тыйындарды алып чыга берип, бир заматта байыйт да калат. Кеч киргенде чарчаган ал ишти эртеси улантмакчы болот. Бирок иш ойлогондой болбой, башка нукка бурулат. Көрсө, өзү минтип бекер байлыкка маарып жатканында балдары сыртка чыгып атасынын сыйкырдуу казан таап алганын, азыр эмне кылып жатканын кошунасына айтып коюшуптур. Ал ошол замат эшик какпай кирип келип, кембагалдын сыйкырдуу казанды кармап турган үстүнөн чыгып, дароо эле чыр чыгарат:
— Сен бул казанды менин талаамдан казып алыпсың, азыр эле барып көрүп келдим. Демек бул казан экөөбүздүкү. Мындай болгондон кийин анын сыйкырынан жаралган байлыкты да тең бөлүшүбүз керек!
— Бул казанды сенин талааңдан казып алган жокмун! Өзүмдүкүнөн таптым!
— Жок, казып алган орду менин талаамда болуп атпайбы! Демек казан меники! – дешип уруша кеткен эки кошуна жакалашканга чейин барып, акыры сотко арызданышат. Кембагал болгонун болгондой айтып бергени менен тастыктоочу күбөсү жок болгондон кийин анысын далилдей албайт.
— Чын эле ал казан сыйкырдуубу? – деп сурайт сот.
— Сыйкырдуу, сыйкырдуу! – деп жооп берет эки доочу бирдей.
— Андай болсо алып келгилечи, аны өзүм текшерейин, балким силер мени алдап жаткандырсыңар.
Көп өтпөй сыйкырдуу казан соттун алдында турду. Ал чөнтөгүнөн алтын тыйын алып чыгып казанга салып кайра алды эле, анын түбүнө ошондой эле тыйын пайда боло калды.
— Ооба, казан чынында эле сыйкырдуу экен, мындай ишти адилет чечиш абдан кыйын. Ошентсе да мен аракеттенейин, — деген сот көпкө ойлонуп, бир маалда казанды тапкан кембагалга собол таштады: — Айтсаң, ак көңүл адам, эгер мен казанды кошунаңа ыйгарсам сен менин чечимимди адилетсиздик деп билесиң да ээ?
— Ооба, ошондой деп ойлойм, таксыр сот.
— А сенчи, эгер казанды кошунаңа берип койсом кандай ойдо болосуң?
— Адилетсиздик деп билем, урматтуу сот.
— Мына, көрдүңөрбү? Адилеттүү чечим чыгарыш кандай кыйын! Экөөңөрдүн өз сөзүңөр боюнча эгер казанды бирөөңөргө берип койсом, адилетсизик болуп калат. Ошон үчүн казанды өзүмө алып калып, экөөңөрдү эч кандай айып пул салбай бошотом. Ушуга сүйүнгүлө да, экинчи чырдашпай ынтымактуу жашагыла. Сөз бүттү!
Эки кошуна бул табылганы сот көз көрүнө тартып алганына күйүнүп турушса да, эгер каршы сүйлөсө ал кайра өздөрүн доого жыгарынан коркуп, жолдоруна түшүштү.
Ал эми сот бул экөө чыгары менен эшикти бекем жаап, сыйкырдуу казандан алтын тыйындарды тынымсыз алып, чексиз байычу ишке кол ушалап киришмей болгондо, баятадан бери бөлмө ичинде дыңылдап учуп жүргөн аары казандын ичине конуп кайра чыга калганда – анын артынан тынымсыз түрдө аарылар чууруп чыгып, бир заматта үй ичине толуп кетти да, соттун денесинен соо жер калтырбай чага башташты.
Эшикти таппай бөлмө ичинде ары-бери урунган сот бир маалда аарылар учуп чыгып жаткан сыйкырдуу казанга катуу чалынып, аны экиге бөлө сындырып, эс учун билбей кулап түштү. Ошентип тамтыгы калбай аарыга чагылган адилетсиз сот дарыгерлерге бүткүл акчасын сарптап жүрүп араң сакайды.
Анткен менен анын аарынын уусу өткөн көзү жакшы көрбөй калды. Ач көздүктүн арты ушинтип аянычтуу аяктайт тура.