Ат чапсаң ат мыктысын алыстаткан,
Арт жакта азаматтар калып жаткан.
Санаага чөгүп кетип бүт карааның,
Саматтырдың далайларды алыс жактан.
Кайырма:
Ээй, тоолук кыз, о-ой тоолук кыз,
Тойбойм сенин элесиңе,
Топ жигиттер ашыкпыз.
Кайратың карды үшүтөт чыкыроондо,
Ажарың айды үркүтөт түнкү тоодо.
Өрттөнүп кетеби дейм боз уландар,
Өзүңө жакындашып бир болгондо.
Кайырма.
Чабандык кесип – сенин баатырдыгың,
Чабалдык кылат эрдин баатырдыгын.
Кошулсаң сага шаардык даяр эле,
Койчу болуп берүүгө макулдугун.
Кайырма.
Алтынбек Сапаралиев — Тоолук кыз тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 333