Көрктөнүп чакан аймагы,
Талаасы кийген сайманы
Токчулук жыттуу айлымдын,
Түгөнгүс эмгек каймагы.
Жароокер тоолук курбумдун,
Жолунан тостум жайдары.
Жүрөктүн кылы чертиле,
Кучагым жайсам селкиме.
Каректер отсуз чагылат
Моймолжуп каштар серпиле.
Эрке жел бетти аймалайт,
Кусабы сүйүү шертине.
Курбуга курбу кымбат да,
Кубаныч кошуп сырдашса.
Сыр түйүнүн чечип отуруп,
Сезбеппиз эбак күн батса,
Жыргалы белем сезимге,
Жылдыздар көзүн ымдашса.
Түбөлүк кеткис эсимен,
Түнт бактуу кыштак четинен.
Жаңыдан чыккан ай нуру,
Шыкаалайт бизди секиден.
Аңдыса деле алтын ай.
Антыбыз эбак бекиген.