Өмүрүмдүн саргайып жалбырагы,
Үмүт үзүп сүйүүдөн алдыдагы .
Жүргөн кезде жолуктум миң бир түнүм,
Махабаттын тургузуп пайдубалын.
Түгөнбөгөн жомогум миң бир түнүм,
Үзүң ачтың жашоомдун өмүр гүлүн.
Жомок болуп кылымдарга калса деймин,
Сага арналган жомоктой ысык сүйүүм.
Өмүр жазым, миң бир түнүм жомогум,
Айың болуп толгон айдай толоюн.
Ханым болчу күн-түн чыкпай жанымдан,
Жомок айткан шахризадаң болоюн.
Клара Алибекова — Миң бир түн тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 679