Кадимки айыл кечи, үйлөтүп отту күйгүзүп,
Билбести билгиздиңер, үйрөтүп атты мингизип.
«Кылганың биз үчүн болсо, үйрөнгүн өзүң үчүн» деп,
Атакем, алтын апакем, мээримиң чачып сүйгүзүп.
Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Эл-журтум аман жатабы?
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Саргайып күткөн балаңды.
Кадимки айыл таңы, күн чыкпай күндө турасың,
«Балдарга бак берсин» деп Кудайдан миң жолу сурадың,
Ата бир болуп калсам да, «уулум» деп баштан сылайсың,
Атакем, алтын апакем, тилегиң берсин Кудайым.
Кайырма:
Кандайсың, ата-апа, аманбы?
Сагынып айтам саламды.
Кучагың жайып тосуп ал,
Сагынып күткөн, сапарда жүргөн,
Алыста жүргөн балаңды.
Кадимки айыл чети, ойлонуп мен да турамын,
Бирине бириң жөлөк аксакал болгон убагың.
Жашымда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү,
Атакем, алтын апакем, Кудайдан ошол сурарым.
Мухтар Атаналиев — Ата-энеме кат тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 1008