Ойлоп алып бул дүйнөнүн жалганын,
Буулугамын ичте батпай арманым.
Таламандын так тушунда кыргыз эл,
Таппай калды бир заматта Санжарын.
Кыргызым деп келген элең өмүргө,
Алоолонгон от бар эле көзүңдө.
Атаганат кете бердиң кайран эр,
Акыл-күчкө толуп турган кезиңде.
Кайырма:
Келечегин байлап алып үмүткө,
Кыргыз элиң умтулуу да бийике.
Тумар элең медер туткан мекендин,
Турат азыр суусап сендей жигитке.
Каз жашоого болдуң беле сыйлоонун,
Жалп деп өчтү алоолонуп күйгөн от.
Жалпы элдин жаралады жүрөгүн,
Жаның суруп көөдөнүңө тийген ок.
Эрте кеттиң, неге шаштың тездедиң,
Жоктоп калды, ошкор шабың, өзгөнүң.
Тирүү болсоң даагы далай айтылмак,
Жандүйнөмдө жалындаган сөздөрүң.
Жарыктыктан насип этип жарты нан,
Жашап турсаң караан үзбөй калкыңан.
Өсүп чыкмак өлкө үчүн жан кыяр,
Өзүң окшош далай жаштар артыңан.
Шам чырактай жарык чачып элесиң,
Жүрөктөрдө өчпөй жашай бересиң.
Аз өмүрүң өрнөк болуп жаштарга,
Ашып кеттиң тирүүлүктүн белесин.
Аа, Санжар ага кыргыз барда,
Өчпөй жашай бересиң!
Нарынбек Калыбаев — Санжарга тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 175