Билбедим булбул болуп таңшыдымбы,
Бир гана сага арнагам таңкы ырымды.
Мен анан күйүт күүсүн чалып калдым,
Мээнитпей дил арзыган таңсыгымды.
Ойлогом тартууласам жан сырымды,
Ойготор махабатын жарчымынбы?
Оюнга чалганымда арзуу-зарым,
От тамбай, билдим анан алсызымды.
Табышмак, турмуш жолу туруктуубу?
Табышмак, жетмек беле туруктуулук?
Өкүнтүп элесиңди өчпөс кылган,
Өтмөкмүн махабатка кулдук уруп.
Алтынай Нарбаева — Махабатты урматтап тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 2324