Бак ичинде жүрөсүң күлүп-жайнап,
Бажырайган көздөрүң алды арбап.
Байкабадың жанымдан өтүп жатып,
Бажырайган кызыл гүл колго кармап.
Кайырма:
Кызыл гүлүм ай, кызыктырдың ай,
Аппак гүлүм ай, алгач сүйүүм ай.
Көлөкөдө жүрөсүң күлүп-жайнап,
Көңүлүңдү койбодуң го мага арнап.
Чоктой беле көздөрүң күйүп-жанган,
Гүлдөрүңдөн сунуп кой мага арнап.
Кайырма:
Гүл жытына мас болуп термелемин,
Окту аткандай мен өзүңө сермелемин.
Кокус сени чочутуп албайын деп,
Арт жагыңан акмалап мен келемин.
Кайырма:
Гүлжигит Калыков — Кызыл гүл тексти
Датасы: 06.10.2020 Көрүүлөр: 302