Сүй журтуңду, сүй жериңби, жарыңды,
Адалдыкка бер күчүңдү, каныңды.
Кыйын чакта кыйган болсоң өмүрдү,
Кыяматта калк унутпайт аныңды.
Адам пенде акын болбо ашынган
Акмак болбо адалдыкка таш урба
Ансыз деле тирүү жанды ойлонтуп
Ажал деген кылыч турат башыңда
Найзалашмай, кылычташмай жок заман
Пейли кенен, кийими бүтүн ток заман
Ой энеден найза жасап, бирок дейм
Кырчылдашын токтотпогон шок заман
Ойлой берсең ооруу менен ажалды
Алып тынат ал күчүңдү, мазаңды
Андан көрө келээр кечтин камын көр
Тамак астыр, боркулдатып казанды
Соогунбасын семиз менен арык да
Күндун-түндүн айырмасы жарыкта
Кимге тансык түн уйкуңдун ширини
Күндүз кылган ишин калат тарыхта
Ойдогуңду элдер менен бөлүшкүн
Чын төгүнүн сынга салып көрүшсүн
Баарың жаман мен жакшымын дебегин
Жалгыз өзүң айдабайсың жер үстүн,
Арак деген айлап, жылдап акырын
Алып тынат акылмандын акылын
Дал ошондон ичпейт аны акылман
Не жүйөөңө сен ичесиң жакыным
Бирөө жүрөт таппай суусун ичээрге
Бирөө кечүү таппай жүрөт кечээрге
Мунун баары тизгин каккан жолоочу
Оо тирүүлүк сенин жалгыз көчөңдө
Эсен-аман эс тарттырып урпакты
Өтсөк экен ыйык сезип турпакты
Океандар тың шарпылдап турса экен
Чайпалбайт, чайпабайлы кургакты
Көзөлдөрдүн көрүп шалпар көйнөгүң
Муну эстедим баарын коюп өнгөнүн
Кырк баригин кырк күнү жеп жибек курт
Сулууларга жибек чубап өлгөнүн
А бул дүйнөң ажайып бир керемет
Убакыттын калбырынан эленет
Биз тирүүлөр чек арасы болобуз
Сансыз элдин өткөн жана келе элек
Адам пенде дасторконуң жайгын да
Пейилиң төк бирок мунуң айрым да
Үлпөтүңдө отургандын баарысы
Келип бербейт катаал күндө, кайгың да
Адам пенде өжөрсүң да, кежирсиң
Билим ойсуң көк катылган сезимсиң
Аары менен кумурскадан кийинки
Табигаттын мээнеткечи өзүңсүң.
Кенже Кубатова — Адамдарга кайрылуу тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 3389
Ката эле урдуруп жаза бериптирсиңерго
Сөздүн маанисин түшүнүп, анан жазгыла да