Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Караңгы элге жарык болуп кире алган,
Калкындагы ыйыктыкты биле алган.
Кыргызымдын кыраандарын жайраган,
Кара тарых болуп калды бир арман.
Кайырма:
Ата-Бейит, Ата-Бейит,
Ак жеринен аталар кеткен шейит.
Ата-Бейит, Ата-Бейит,
Арбагыңар алдында турам кейип.

Жакшы ойлорго билим ширеп турушкан,
Жаш өлкөнүн пайдубалын курушкан.
Улутчул деп уулдарын улуттун,
Жексурлары жаздым кылып тынышкан.

Кайырма:
Ата-Бейит, Ата-Бейит,
Ак жеринен аталар кеткен шейит.
Ата-Бейит, Ата-Бейит,
Арбагыңар алдында турам кейип.

Кан какшатып, денеге мык ургандай,
Канаттарын бирден сууруп тургандай.
Кандай гана кыйналса да ошондо,
Кайран эрлер калбаат турган сурданбай.

Кайырма:
Ата-Бейит, Ата-Бейит,
Ак жеринен аталар кеткен шейит.
Ата-Бейит, Ата-Бейит,
Арбагыңар алдында турам кейип.

Эл, жер үчүн жакшы турмуш көздөгөн,
Эмгектерин айтуу кыйын сөз менен.
Эркиндикти көрбөй кеткен эрлердин,
Элестери нурга айланды өчпөгөн.

Кайырма:
Ата-Бейит, Ата-Бейит,
Ак жеринен аталар кеткен шейит.
Ата-Бейит, Ата-Бейит,
Арбагыңар алдында турам кейип.


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *