Мээримин төккөн түнөгүм
Мекеним менин жүрөгүн
Мээнетин тартып турмуштун
Мекенден ыраакжүрөмүн
Кайырма :
Сагындым туулган айылды
Сагындым арча кайыңды
Суктанып тосор күн барбы
Супасын салган тамымды
Алысмын сенден алысмын
Ата-журт сенсиз жабыктым
Карааныңа зар болуп
Каректен жашым агыздым
Мекен бул биздин багыбыз
Мекен бул ыйык жайыбыз
Мен билген эң чоң кусалык
Мекенге болгон сагыныч