Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Сагынып сен келгенде, мен да келем,
Негедир уяң тартат менин денем.
Жалт карай албасам да жамалыңды,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.
Карай берем, карай берем,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем.
Сени ойлоп отурганда ой да терең,
Телефон “шыңгыр” этсе жүрөк эзген.
Алтыным, сен экен деп ала койсом,
Аттиң ай, ал адашкан адам экен.
Башка экен, бөлөк экен,
Аттиң ай, ал адашкан адам экен.
Карай берем, карай берем,
Көзүмдүн кыйыгынан карай берем…

Куралбек Чокоев — Карай берем тексти: 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *