Ким белекти ташып келет,
Ким балдарга шашып келет?
Бүт дүйнөнү кыдырган,
Тааныйсың кызыл мурундан.
Ысымы эмес жашырын,
Айткылачы, анын аты ким?
А-яз а-та, аяз ата…
Куржуну бар колунда,
Кубаныч бар оюнда.
Сакалы кардай чубалган,
Салтанант шаңы уланган,
Жаңы жыл менен тимеле,
Жарышып келген ким эле?
А-яз а-та, аяз ата…
Алдында бар чанасы,
Ааламды кезген чамасы.
Аны күтүп зарыккан,
Адамзаттын баласы.
Чакырсаң, кирип келген ким,
Чактабай белек берген ким?
А-яз а-та, аяз ата…
Дайыр Исмадияров — Аяз ата тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 3813