Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Сен экөөбүз издешип жүрүп, табышканбыз,
Тандаганыбыз бирдей болуп сезилгендей.
Бул тагдыр эмес муну экөөбүз тандаганбыз,
Келечектин кантип бүтөөрүн билбей.
Жакшы көргөн адамың жаныңда жүрүп,
Эмнеликтен өзгөрүп барат?
Сен экөөбүз кимибизди алдаганбыз,
Мага сенсиз сага менсиз жашоо жоктой?
Бул тагдыр эмес муну экөөбүз тандаганбыз,
Баш ийбей кыйынчылыктарга, жеңилбей.
Жакшы көргөн адамың жаныңда жүрүп,
Эмнеликтен өзгөрүп барат?.
Кимибиз кимибизге эми өзгөрдүк,
Бурулбаган тагдырды неге өзгөрттүк?
Кимибиз, ким айтчы тагдыр айтчы,
Мен эми кантип толуктайм,
сен алып кетип калган жанды?
Айтчы тагдыр айтчы,
Мен эми кантип,
Толуктайм сен алып кеткен жанды?

Один комментарий к “Каныкей — Сен экөөбүз тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *