Датасы: 05.11.2020
Формат: mp3

Жер кыдырган желден сурап дарегиң,
Күткөн жүрөктүн бүтпөс муңу бар.
Жалгыз сени издеп келет карегим,
Сагынычымдын сүйүү ыры бар.
Кайырма:
Баары, баары сага, бир сага, сага,
Байлап жанымды бакыт каалайын.
Жана сага, бир сага, сага,
Жалындап күйүп, жылдыз болуп жанайын.
Бийиктеги Алтын казык сен болуп,
Ойлорум сага, сага байланат.
Таңды дайым тосуп чыккан жел болуп,
Жүрөйүн жалын жүзүң аймалап.
Кайырма:
Чырактай менин сүйүүм,
Булактай менин сүйүүм.
Жалындай жүрөлүчү,
Биз эгиз жылдыздай.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *