Бул өмүрдүн дал ортосун,
Отуз жаш деп аташат.
Бул өмүрдө кимге кайгы,
Кимге, кимге күлкү, шат.
Мына курбум, биз да эми,
Отуз жашка барабыз.
Отуз жашка эй барабыз,
Отуз жашка ээ-эй барабыз…
Кыз-келиндин көп сырлары,
Отуз жашта ачылат.
Эр-жигиттин жетилгенин,
Отуз жаш деп аташат.
Өкүнбөгүн, карыдык деп,
Эми күчкө толобуз.
Эми күчкө эй толобуз,
Эми күчкө ээ-эй толобуз…
Отуз жаш бул – орчундуу кез,
Күүгүм дебей ойногон.
Отуз жаш бул – жалындуу кез,
Ыр-күлкүгө тойбогон.
Ырда, досум! Күлгүн, досум,
Текке өмүр кетпесин.
Бекер өмүр эй өтпөсүн,
Текке өмүр ээ-эй кетпесин.
Бек Борбиев — Отуз жаш тексти
Датасы: 25.11.2020 Көрүүлөр: 13362
Мага абдан жакты сонун ыр
Ооба ото мааниси терен экен,
ссссс
ссссс
ссссс