Датасы: 25.11.2020
Формат: mp3

Сенин гана жыпарыңды, 
Тоо гүлүнөн искегем.
Сенде гана аруулук бар,
Дүйнөдө мен издеген.
Жарк дей түшсө мага жамалың,
Албырамын билбей амалын.
Мен жаза элек мукам кайрыкты, 
Карегиңден табамын.

Кайырма:
Менин сүйүүм каркыра,
Сага учат талпына.
Ай-күнүмдөй ашыгым,
Асманымда жаркыра.
Экөөбүздү кошуп, бөлбөгөн, 
Ушул күндөр алтын а.

Жаным сага дайра бойлоп,
Келем терип бүлдүркөн.
Жаным, сага жазам дастан,
Бүтпөс күндүр-түндүртөн.
Арбайт мени айдай жамалың,
Азгырылам билбей амалын.
Мен уга элек мукам обонду,
Көздөрүңдөн табамын.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *