Мемиреген жайкы жайлоо таңында,
Балдан ширин таттуу уйкуга баткамын.
Жагымдуу бир сезим берди жаныма,
О, жылкычым, сенин ырдап жатканың.
Камбар ата сан жылкынын башында,
Таңга карап көшүп, ыгып тургандыр.
Ырчы жигит түн күзөтүп кашында,
Ойгонсун деп, мага көңүл бургандыр.
Балким менмин балким, тигил ак келин,
«Бекбекейлеп» улуу тоодон үн каткан.
Каршы эмесмин тапкандарга тең-теңин,
Кызык экен үн алышып мал баккан.
Жайлодо
Ыр жакпады
Мага Жайлоодогу эстен кеткис күндөр жонундо Дил баян таат беринизчи
15 ката таптым
Антоним жайлоодо
эң сонун
Калый Молдобасановдун ырыбы