Датасы: 09.11.2021
Формат: mp3

Тоо койнунда жалгыз булак,
Шыңгыр добуш үн салат.
Добушунда туңгуч сүйүүм муңканат.
Алгач ирет көрүшкөнбүз, Жылдыздарды кучактап.
Күбө болгон ак сүйүүмө мөлтүр булак.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.

Кайырма:
Тоо булагым, айлансаң,
Көз жаш менен арманга.
Тоо булагым, сени менен,
Кошулайын дайрага.

Таң сүргөндө мага айттың,
Наз жүрөктүн арманын.
Сенден башка бар эле деп ардагым.
Андай болсо айтчы неге,
Наз жүрөктү алдадың?
Жүрөгүмдү сага деген жараладың.
Ажарынан тун сүйүүнүн, ый-кумарынан,
Махабат, сени тапкам тоо булагынан.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *