Тоону кыялаган жолдо бир аял келатыптыр. Орто жолго жеткенде ал койчуга жолугуп калат. Койчу аны аяп мындай дейт:

– Отуруп эс ал, алыстан келатасың.

Муну укканда аял таңгала түшүп сурады:

– А сен менин каяктан келатканымды билесиңби?

Аялдын аңкоо экенин аңдай калган койчу:

– Билем, ылдый жактан келатасың,- деди ишенимдүү түрдө.

Бул жоопко ого бетер таңгалган аял кайра сурады:

– Туура, ылдый жактан келатам. Аны сен кайдан билдиң?

Аялдын мындай аңкоолугуна койчу аябай таңгалып, бир эсе күлкүсү келип, дагы да шакаба чегиш үчүн:

– Мен сенин кайда турарыңды кантип билбей койоюн. Сен экөөбүз эски тааныштардан болсок,- деп койду.

– Чын элеби?- аңкоо аял ого бетер таңгалды.- Анда эмне үчүн сен Марямиту деп атымдан атаган жоксуң? Тааныштар деген бири-бирине атынан атап кайрылышат да.

– Туура, Марямиту, эгер сени тааныбасам сенин атың Марямиту экенин каяктан билмекмин?

Бул жоопко таңгалгандан улам аялдын оозу ачылды.

– Карасаң, бул ал тургай менин атымды да билет турбайбы! Чын эле мени жакшы тааныйт экенсиң…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы58
Акылдуу кыз жомок46
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Коён менен кирпи25
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Бакыт-таалай каякта?19
Кырк калп жомок18
Акылдуу балдар15
Акылдуу кыз13

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *