Көз салып карааныңа алыстан
Тартынам сага жакын барыштан
А балким жүрөгүңдө орун жок
Коркомун ашык болуп калыштан
Кайырма:
Жүрөккө жүрөккө тийбечи
Жөн эле жөн эле жөнү жок күлбөчү
Жүрөгүм жүрөгүм сүйбөчү
Жөн эле жөн эле азапты үйбөчү
Сүйлөсөң тилиң таттуу бал экен
Садагам гүлдөй назик жан эркем
Ирмесең көздөрүңдөн от жанып
Илебиң күндүн нурундай бар экен