Айлуу түн качып келди атып таң,
Күттүңбү мени жалгыз жагып шам
Эркем, эркем.
Кадырың балким билбей жүрөмүн,
Өзүңсүң менин жашоо мүрөгүм.
Эркем,
Эй Сагындым эркем.
Сен болбосоң дүйнөдө канттим экен.
Кайырма
Эркем,кара кыз,карагатым,
Өзүңдөй аруу жанды дүйнөнү араладым, табалбадым.
Көзүңдө бүт ааламдын сыйкыры бар.
Өзүңдө тазасы бар, тазасы бар махабаттын.
Көркөмүң сенин мөлмөл жүзүмдөй,
Күттүңбү мени шактан үзүлбөй,
Эркем, эркем,
Билерик,шакек тагынарымсың,
Бир күндө менин сагынарымсың.
Эркем, эркем эй сагындым эркем.
Сен болбосоң дүйнөдө кантмек элем.
Кайырма
Бек Борбиев Эркем тексти
Датасы: 28.03.2022 Көрүүлөр: 40166
Сонун ыр экен .Бек Борбиев сизге ишиңизге ийгилик.Ырларды жаратып жүрө бериңиз.Адамдын жүрөгүнөн орун табат ар бир ырыңыз.