Бакытка бөлөп өзүмдү
Балкыймын карап көзүңдү
Ичимден турам ийменип
Айта албайм ашык сөзүмдү
Кайырма:
Ачылып гүлүм гүлдөсүн
Азгырып башка сүйбөсүн
Арналып келген белегим
Айтылып бүтпөс дүйнөмсүң
Аярым сенсиң кымбатым
Ашыгым сулуум сымбатым
Азапка таштап кетпегин
Асылым сүйүүм кыйбасым
Өзүңсүң бардык кыялым
Кыйнаба жанды кумарым
Жактырып жакшы көрөмүн
Жалгызым сезим тумарым
Айтурган Абдыбекова — Жалгызым тексти
Датасы: 12.04.2022 Көрүүлөр: 19689