Илгери-илгери өткөн заманда, бир чалдын картайганда көргөн жападан жалгыз уулу болуптур. Атасы жалгыз уулун ушунчалык жакшы көргөндүктөн, аны жанынан карыш чыгарчу эмес.

«Уулум эл таанысын, жер таанысын, жакшы адам болсун» — деп, каякка барбасын учкаштырып, өзү менен кошо ала жүрөт.

Күндөрдун биринде ата-бала жайлоого жөнөп калышат. Жолдо келе жатып тоонун эн бийик жеринде жүргөн топоздорду алгач көргөн баласы:Ата, ата, тээтиги тоодо жүргөндөр аюуларбы? — дейт.

Жо-ок уулум, ал деген топоздор. Алар кадимки эле уйдун бир түрү. Бирок, алар уйга окшоп өзөндө эмес, дайыма тоодо жашап, Кайберен сыяктуу өмүр сүрүшөт. Топоздун баласын музоо дебей мамалак дешет. Кышы жайы зоо таштын арасында жашап, жүндөрү сен айткан аюунукундай апсайган учун, топоздун баласын мамалак дешет. Топоз мамалагын ак кар, көк муздун үстүнө тууйт. Карышкырга алдырбайт, — дейт.

Уулу оозун ачып, «Аа» деп ата-бала андан ары кете бөришет. Дагы бир жерге келгенде, асманда калкып жүргөн айры куйрукту көрсетет.Ата, ата. Тээтиги асмандагы бүркүтпү? — десе. — Жоок уулум, ал деген айры куйрук. Айры куйрук бүркүт сыяктуу чоң болгону менен, кыраан эмес, кайберен ала албайт, — деп, айры куйруктун эмне жеп, кандай жашаганын шашпай айтып берет.

Ошөнтип жүрүп отуруп, дагы бир жерге келгөнде:

Ата, ата, тээтиги дөңдө бизди карап турган ким? — десе. — Ал деген адам эмес, тик турган таш. Алыстан адамга окшоп көрүнүп жатпайбы. Ошондуктан ал жерди, Кароол таш деп коёт, — деп, баласына түшүндүрүп сапарларын уланта бөришет.

Арадан жылдар өтөт. Бир кездеги көк ала сакал атасы картайып, аппак сакал абышка болуптур. Эми анын белинен күчу, көзүнүн курчу кайтыптыр. Мурдагыдай уулун учкаштырып, өйдө-төмөн жүргөн. Күндөр артта калып, эми өзү жалгыз ат да минип жүрө албай калган куракка келиптир. А уулу болсо чоң жигит болуп, белине кубат, билегине күч толуп турган кези экөн. Күндөрдүн биринде, эми картайган атасын учкаштырып, жигит жайлоого жөнөп калыптыр. Бир жерге келгенде.Ээ балам, тээтиги тоо боорунда жүргөн аюу эмеспи? — деп сурап калат.

Бул жерде каяктагы аюу болсун, ал топоз — дейт, атын капталга бир тээп. Андан ары жүрүп отурушуп, дагы бир жерге келгенде,

Ээ балам, тээтиги асманда айланып учкан бүркүтпү? — дейт кекке тигиле. — Бүркүт бул жерде бок жейби! Ал, айры куйрук! — деп, аттын тизгинин бир кагып, өз жайында келе жаткан атка камчы басат. Ат жаныбар чочуп кетип, бир мөңкүп алат. Беймарал отурган чал аз жерден кулап түшпөй, уулун кучактап калат…

Алар андан ары да бир топ жол жүрушөт. Дагы бир жерге келгенде:Ээ балам, тээтигинде бизди бирөө кутуп турабы? — дейт, алды жакты көрсөтүп.

Бул ээн тоодо сизди ким эле күтүп турсун! Ал таш!… Ар нерсени сурай бербей, жөн болуңузчу! — деп, ачуусун аттан чыгарып, каңк дегизе башка-көзгө чаап-чаап жибериптир.
Ошондо, токсонго чыгып, бала кыял болуп калган атасы башынан түшкөн калпагына карабай, баланы жеңинен тартып.

Ай-ай балам, ай-ай балам, атты башка урба, атты башка урба!… — деп, буладай аппак башы калтаң-калтаң дей түшөт, уулунун белиндеги берки колун акырын тартып алып, ээрдин кырын кармалап калат. Ата-бала андан ары кете бөришет…

Арадан ай өтүп, аксакал ааламдан кетет. Анан чалдын баласы балалуу болот экөн. Эми атасы аны мурда кандай жакшы көрсө, ал өз уулун ошондой жакшы көрүп, анан ал өз атасындай уулун аркасына учкаштырып, дайыма өзү менен ала журчу болуптур. Күндөрдүн биринде ата-бала атчан жайлоого бара жатса, уулу сурайт имиш:Ата, ата, тээтиги аюубу — деп. — Жоок уулум, ал топоз — дептир атасы… Кайра эле жылдар өтөт экөн. Эми баягы жигит аппак сакал чал болот экөн… Анан ал өзү ат минип жүрө албай калып, уулуна учкашып баратып:

Ээ балам, тээтиги аюубу? — деп сурайт…

Эмесе, кымбаттуу жомокту жакшы көргөн жомок угармандарым, сөздун кыскасы, жомоктун нускасы, ушул экен:

Бул жомоктун аягы, Ал жомоктун башы. Тегеренген тынбаган, Тегирмөндин ташы. Кылоосу кызыл, Куйругу бүтпөй, Ушундай узуун экен…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы63
Акылдуу кыз жомок55
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок31
Акылдуу балдар26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Көмөч нан (колобок) жомок25
Кыска жана күлкүлүү жомоктор23
Коён менен кирпи20
Бакыт-таалай каякта?19

Ата-бала (жомок-аңгеме): 13 комментарий

  1. Оаа аябай жакты кыска Жана маанилуу бугун садикте жомок айтуу кезегим ошого атайы окуп чыктым .

  2. Жакты бирок ата жана бала деген темада дил баян азыр чыгара аласызбы ушул жомокту дил баян кылып жазса боло береби айтып койозузбу

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *