«Эмнени эксең, ошону аласын»

Илгери- илгери бир заманда бир залим падыша жашаптыр. Ага өзүнүн элин кыйнаганы абдан жакчу экен. Ушул себептен анын колунан зыян тартпаган эч бир жан калбаптыр. Акыры элдин баары падышадан тажап да, чарчап да бүтүшөт.

Ал эми падыша болсо ар күнү жаны мыйзамдарды кабыл ала берет. Ошентип элди жазалаган мыйзамдардын саны күн санап өсө бериптир.

Кокустан эле бир күнү падыша жаман адаттарын таштап, жакшы болуп өзгөрүп калат. Бүт элге жар салган жарчылар кечелерде падышанын жакшы жакка өзгөргөнүн жарыялашат.

Эл бул кабарга алгач анча деле ишенишпейт. Көп өтпөй бул кабар чындыкка айланат.

Мына ушинтип падышанын өзгөргөнүн тастыктаган иштер акырын ишке аша баштайт. Өлкө ичинде адилетсиз, караңгы күндөр артта калып, жыргал жана жай турмуш орношот.

Албетте бул абалга эл аябай таң калат. Анан калса вазирлери бул өзгөрүүнүн себебин билгилери келет.

Бир куну башкы вазир падышага келип:

— Улуу урматтуу падышам! Уруксат берсениз, мен сизге тынчымды алган бир суроону бергим келип турат. Бул өзгөрүүнүздүн себеби эмнеде?- деп сурайт.

Анда падыша күлүмсүрөп:

— Мени токойдо керген бир окуя өзгөрттү. Ууга чыккан элем. Жолдо баратып бир итти көрдүм. Түлкүнү аңдып туруп, аны кармап алды. Түлкүнүн бутунан тиштеп алып, ары бери жулкулдатты. Түлкү иттен араң кутулуп, акыры эптеп качып кетти. Ит кайра аны издей баштады. Издеп баратып аттын жанына келгенде, ат аны катуу тээп жиберди эле, анын да буту аксап калды. Анан мен атты карап турдум. Ат чуркап баратып аңга байкоосуздан буту түшүп кетти да, анын буту сынып калды… Мына ушул окуялар мага чоң сабак болду. Мен мындан: «Демек эч нерсе жоопсуз калбайт тура. Баардык кылган иштериңдин акыбети өзүңө кайтып келет экен» деген натыйжа чыгардым да, бул мыйзамдарды жеңилдттим. Мен кылмышкерге дароо жаза бербестен ага убакыт беришим керек экенин түшүндүм, — деп жооп берген экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы54
Акылдуу кыз жомок44
Жакшылык кылуу - Жакшылык тууралуу жомок32
Көмөч нан (колобок) жомок25
ЖАЛКОО24
Коён менен кирпи24
Бакыт-таалай каякта?19
Акылдуу балдар15
Кырк калп жомок15
Акылдуу кыз13

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *