Оюмда менин эркелеткениң
Чексиз бакытты сеземин
Көңүлдүн гүлүн жүрөктүн түбүн
Бүтүндөй өзүң эледиң

Жолума конуп
Жомоктой болуп
Түшүнбөй калдым себебин
Нур болуп тийген
Сырымды билген
Дүйнөмө билдим керегин

О жаным деп
Сен келчи бактыма
Гүлүн сунуп сүйүүң сунуп мага
Жан дүйнөмө бар дүйнөмө
Жашылды да сунам
Келчи бактыма

Кыялымды күтүп орундатасың
Толкунданамын жаныңда
Керемет кандай
Ар ирмем балдай
Жанымда өзүң барында
Каректер жайнап
Куш болуп сайрап
Учамын куткөн багыма
Жаз болуп ырдап
Жай болуп нурдап
Эх жаным келчи жаныма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *