Датасы: 29.06.2024
Формат: mp3

Айлуу түндө

Сен жөнүндө ырларды жазам

Таң атканга чейин отуруп

Боорду эзген ыкмаларыңды жазап

Таза эле тийишип алып

Басасың жазап

Кайгымды басат

Ызылдап алып

Сүйүүго малып

Жакшы билесиң

Жакшы көрөсүң билем

Ишенип келген ишене берет

Кирешем жок кезде көтөрүп тиреген

Көздөрүм тегерек билбедим не керек

Бир белек алганга акчамда жок эле

Темселеп көчөнү термелип араң

Чертилген ноталар сүйүмдү аралап

Бишкетин ичинде ар бир түн кечинде

Текшерип калп эле телефон чалат

Кайырма

Каралдым эй карадым

Ай карагаттай тунук көзүңдү

Арбалдым менин ардагым

Бир өзүңө

Каралдым эй карадым

Ай карагаттай тунук көзүңдү

Арбалдым менин ардагым

Бир өзүңө

Айтылбаган нерсемди

Азыр айтып берсемби?

Сени сагыныш үчүн кетип

Кайра кайтып келсемби!

Мойунума аламын сенсиң

Ааламын берекемсиң

Ашыкканмын билгенсиң

Сүйүү намысты жеңсин

Берчи муздак колуңду

Жалының болойунбу

Ээлеп алып менин ойумду

Баштадың бир кызык оюнду

Кээде чагасың же назданасың

Себеп табасың же көз жабасың

Ары бери болгум келбей

Жалгыздыкка сени болду бербейм

Ары бери болгум келбей

Жалгыздыкка сени болду бербейм

Кайырма

Каралдым эй карадым

Ай карагаттай тунук көзүңдү

Арбалдым менин ардагым

Бир өзүңө

Каралдым эй карадым

Ай карагаттай тунук көзүңдү

Арбалдым менин ардагым

Бир өзүңө

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *