Датасы: 14.12.2025
Формат: mp3

Бас дедиң сен баспай койдум
Кач деегенде качпай койдум тагдырым
Таарындың го ошого сен
Бакыт жолум ачпай койдуң тагдырым
Даңгыр жолго тактай койдуң
Жандырмагын айтпай койдуң тагдырым
Капа болуп мен да сага
Айтканымдан кайтпай койдум тагдырым

Кайырма:
Эх досум тагдыр
Билбейм менде жетпей калган арманың бардыр
Жаңылтып мени
Күч коротпой узак жолго дарманың калтыр
Сынап да көрдүң
Жалганыңа барбай койдум
Кыйнап да көрдүң
Өкүмүңө сынбай койдум
Эми дос тагдыр
Калган жолду сен мага калтыр

Тоскун дедиң тоспой койдум
Кош дегениң кошпой койдум тагдырым
Сен ошого өчөштүң го
Сүйүү жолум кошпой койдуң тагдырым
Басмайылды боштой койдуң
Мен байгеден озбой койдум тагдырым
Сен кайдыгер ырдап турдуң
Менда коштоп созбой койдум тагдырым

Один комментарий к “Бек Борбиев — Тагдырым тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *