Сергиткен тунук мүрөгүн
Сезим десе деп жүрөмүн
Жамынып түндү муздасын
Жакшы укта менин жүрөгүм
Кайырма:
Алдей алдей ай ак сүйүүм
Баладай таза жаш сүйүүм
Бактылуу күндөр алдыда
Бакыттын балын тап сүйүүм
Алдей алдей ай ак сүйүүм
Баладай таза жаш сүйүүм
Бактылуу күндөр алдыда
Бакыттын балын тап сүйүүм
Айландым отко мен эми
Арзуумдун болдуң тереңи
Сүйүүдөн алган бакытты
Сүйүүгө кайрып берели
Бир тапкан сүйүү татымын
Бейпил түн менин асылым
Уйкусуз кечте сени ойлоп
Убайым менин жашырым
Кайырма:
Алдей алдей ай ак сүйүүм
Баладай таза жаш сүйүүм
Бактылуу күндөр алдыда
Бакыттын балын тап сүйүүм